Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Орус прокуратурасы полковник Будановго чыгарылган сот өкүмүн буздурганы жатат


Орусиянын аскердик прокуратурасы полковник Юрий Будановдун иши боюнча сот өкүмүнө нааразылык билдирип, соттон өкүмдү бузууну талап кылды. Айыптоочу мекеме Буданов чечен кызы Эльза Кунгаеваны өлтүргөндүгү үчүн 12 жылга эркинен ажыратылууга тийиш деп эсептейт. Кунгаеванын үй бүлөсүнүн адвокаты Абдула Хамзаев ишти кайра карап чыгууну өтүнүп, кассациялык арыз берди. Өткөн жылдын аягында Түндүк Кавказ аскердик округунун соту Будановду киши өлтүрүүгө "эс–акылынан айнып турган чагында барган" деген аныктама менен бошотуп жиберген.

XS
SM
MD
LG