Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:52

Жакынкы чыгыштагы жаңжал уланууда


Бүгүн Израилдин аскерлери Наблус шаарынын жанындагы Бейит Ваззин кыштагында жан кечти террорчунун үйүн жардырып, кыйратып салышты. Өткөн февралда университеттин студенти Дарин Абу Айше деген кыз аскердик текшерүү пунктунда өзүн-өзү жардырып, үч израилдик полисменди жарадар кылган болчу. Израиль жан кечти террорчулардын үйлөрүн кыйратуу менен ыктымал боло турган жардыруулардын алдын алып жатканын айтат. Мындай саясатка каршы чыккандар бул аракетти одоно укук бузуу катары сыпаттап, анын жазалануусун талап кылып жатышат.
Ошону менен катар бүгүн Израилдин аскерлери Тулкарм, Калькилья жана Наблус шаарларында палестин кеңселерин жаап, андагы палестин кызматкерлерди куралсыздандырышты. Израиль алардын коопсуздук тармакта Израил менен кызматташпай калышканын айтат.

XS
SM
MD
LG