Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Ооганстанда жер минасынан дагы бир солдат жабыркады


Кечээ бир солдат минага кабылып, оор жарат алганына байланыштуу бүгүн АКШнын аскерлери Ооганстанда жерди миналардан тазалоо иштерин убактылуу токтотушту. АКШнын аскердик өкүлдөрү 679-инженердик батальондун солдаты кечээ минаны басып алып, бутунан ажырап калганын билдиришет. Ушуну менен минадан бир эле жуманын ичинде экинчи солдат жарат алды. Ошону менен бирге Ооганстандан алынган кабарларда Пакистанга бараткан автобустун тоо арасында кырсыкка учурашынан 8 карапайым ооган курман болуп, ону жарат алганы маалымдалат.

XS
SM
MD
LG