Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин Жалалабаддагы бөлүмү өзүнчө уюм түздү


Комитеттен кол үзүп чыккан укук коргоочу он төрт активист уюштуруу чогулушун өткөрүп,жаңы уюмдун координаторун шайлашты.Жыйында комитеттин областтык бөлүмү өткөн жылы Аксы,Токтогул,Ташкөмүр, Жалалабад аймактарындагы нараазылык акцияларын байкоо менен чектелгендиги, бөлүмдүн кеңсеси көбүнчө жабык турганы, анын айынан жарандардын ондогон арыз-даттары, кайрылуулары каралбай калганы белгиленди. Жаңы уюмдун мүчөлөрү өз иштерин жигердүү жүргүзгөнү жатышат. Адам укугун коргоо боюнча областтагы уюмдардын саны ушуну менен сегизге жетти.

Жаңылыктарды даярдагандар - Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев, Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Ташкенбаев, Кожогелды Кулуев жана Шайырбек Мукарамов

XS
SM
MD
LG