Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:55

Бишкекте дагы бир жаңы уюм түзүлдү


11-январда Бишкекте ички мигранттардын, жеке үй салуучулардын жана «Эл журту» аттуу агрардык реформа борборунун уюштуруу курултайы болуп өттү. Анда президенттин «2010-жылга чейин Кыргызстанда турак-жай курулуш концепциясын өнүктүрүү», «Жеке үй салуучулардын проблемасын чечүү жана жаңы конуштарды өнүктүрүү чаралары» жөнүндөгү жардыктарын ишке ашыруунун механизмдери, дыйкандарга ипотекалык кредит берүү, агрардык реформанын проблемалары талкууланды. Курултайда ички мигранттардын, үй салуучулардын жана агрардык «Эл журту» реформа борборунун республикалык федерациясы түзүлдү. Бирок делегаттардын жоон тобу федерациянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп табышып,курултайдын чечимин тааныгандан баш тартышты.Бул тууарлуу алар Кыргызстандын Акыйкатчысына жана өкмөт башчысына да атайын кат менен кайрылышты.

XS
SM
MD
LG