Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:23

КМШдагы эң жарды өлкөлөрдүн маселелери Швейцарияда талкууланат


Атайын ушул максатты аркалап чакырылган эл аралык конференция 20-22-январда Швейцариянын Люцерн шаарында болуп өтөт.Ага Эларалык Валюта Фондусунун, Дүйнөлүк Банктын, Азия Өнүктүрүү Банкынын, Европалык Банктын, ошондой эле бир катар эларалык жана бейөкмөт уюмдардын 200дөн ашуун өкүлдөрү катышат. Конференцияда КМШдагы Азербайжан, Армения, Грузия, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Өзбекстан өңдүү өлкөлөрдөгү жакырчылык жана коррупция проблемалары, экономикалык реформалардын арымы, тышкы карыздарды жоюу үчүн аларга жардам көрсөтүү маселелери каралат. Бул тууралуу маалымат таркаткан тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы конференцияга Кыргызстандан бара турган делегациянын курамы азырынча тактала электигин да бышыктады.

XS
SM
MD
LG