Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Конституциялык Соттун төрайымы жалпы элдик референдумду 2004-жылы өткөрүүнү сунуш кылат


«Акипресс» агенттигине берген интервьюсунда Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова Негизги мыйзамдын дээрлик жарымына жакыны өзгөртүлгөнү жатканын белгиледи. Мынчалык сандагы конституциялык түзөтүүлөрдү жалпы элдин кызыкчылыгына жана демократиянын талаптарына айкалыштырып чыгуунун өзү эле бир топ убакытты, көшөргөн көп жумушту талап кылат, деп эске салды төрайым.Жакында аяктаган жалпы элдик талкууда түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен конституциялык түзөтүүлөрдүн жумушчу долбоорун иштеп чыкканга эле, Чолпон Баекованын чамаасында, бери дегенде жарым жыл керек болот. Ошондуктан Конституциялык соттун төрайымы өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 2004-жылы өткөрүү максатка ылайык болор деп билдирди.

XS
SM
MD
LG