Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Санк-Петербугда Адмиралтействонун имаратындагы жарылуудан чыккан өрт өчүрүлдү


Чукул кырдаалдар министрлигинин айтымында, шаардын эң кооз архитектуралык эстеликтеринин бири болуп саналган имаратта чыккан өрттү өчүрүүгө 20 өрт өчүргүч бригада тартылды. Жарылуунун себеби белгисиз. 17-кылымдын башында падыша Петр Iнин буйругу боюнча курулган Адмиралтействонун имаратында бир кезде Орусиянын деңиз кемелерин куруу башкармалыгы жайгаштырылган эле. Азыр анда деңиз академиясы бар.

XS
SM
MD
LG