Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Британиянын “Ройал” авианосеци Перси булуңуна жол тартат.


Бортунда бир миң жоокери бар авианосец келерки күндөрдө регионго жөнөтүлө турган британдардын аскердик 15 кемесин баштап барат. Флот Ыраакы Чыгышта машыгуу өткөрмөкчү, бирок жолдо Перси булуңунда токтоп өтүшү мүмкүн. Кечээ Кошмо Штаттар Иракка каршы ыктымал аскердик чара көрүү максаты менен Перси булуңуна кошумча дагы 35 миң солдат жибере турганын жарыя кылды. Регионго кошумча аскердик учактар жана бир эле мезгилде суу үстүндө жана суу алдында сүзө ала турган кемелер да жиберилет. Ушуну менен АКШнын региондогу солдаттарынын саны 120 миң кишиден ашат. Анын аралыгында Иракта ООНдун курал инспектолору беш обьектини, анын катарында, медициалык жабдууларды чыгарган мамлекеттик компания менен коргоо тармагына тиешелүү ишкананы текшерип жатышат.

XS
SM
MD
LG