Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:14

Пхеньянда бир миллиондон ашык киши демонстрация өткөрүштү.


Алар өлкөнүн ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кеткен чечимине колдоо көрсөтүштү. Митингте КНДРдин өкмөт башчысы жана башка жогорку даражалуу өкүлдөр сөз сүйлөштү. Ошол эле маалда Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда он миңдеген кишилер чөлкөмдө тынчтык менен бейпилдиктин өкүм сүрүүсүн тилеп, таат өткөрүштү. Сеулда сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн президенти Ким Де Жун корей өлкөлөрүнүн ортосунда дагы бир согуштун тутануусуна жол бербөөгө жана кризисти сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырды. Жаңжалды жөнгө салуу максаты менен бүгүн Вашингтондо Кошмо Штаттары менен Түндүк Кореялык өкүлдөрдүн жолугушуусу болот.

XS
SM
MD
LG