Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Жапониянын өкмөт башчысы Түндүк Кореяны эл аралык коомчулук менен кызматташууга чакырды


Жапониянын премьер-министри Жуничиро Койзуми Түндүк Кореянын изоляциясынан бүткүл аймак жабыр тартаарын билдирип, өлкөнү эл аралык коомчулукка жакындашууга чакырды. Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы төрт күндүк сапарын аяктап жатып, Койзуми «Түндүк Корея дүйнөлүк коомчулуктун кадыресе мүчөсү болуп калууга тийиш» деди. Премьер-министрдин айтымында, Орусия сыяктуу эле анын өлкөсү да «Түндүк Кореяны ядролук талашты тынчтык жол менен жөнгө салууга көндүрүү керек» деп эсептейт.
Түндүк Корея жума күнү, АКШ күйүүчү май менен камсыз кылуудан баш тарткандан кийин, өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминен чыгып жаткандыгын жарыялады.

XS
SM
MD
LG