АКШнын Иллинойс штатында өлүм жазасы жоюлду. Штаттын губернатору Жорж Рияндын жардыгы менен, киши өлтүрүп, өлүм жазасына кесилген 167 кылмышкердин бири калбай, өлүм кезегинен чыгарылды.
Губернатор Риян мындан үч жыл мурда жогорку жазага кесилген 13 кишинин ак экенин сот аныктагандан кийин, өлүм жазасына тартууга мораторий киргизген эле.
«Кызматкерлерим менен күнү-түнү менен отуруп, уйкудан калып, өлүм жазасынын жагдайларын иликтедик. Бирок, туура чечим кабыл алдым. Ошондуктан бүгүн түнү беймарал уктааарыман күмөн санабаңыздар», - деди Иллинойстун губернатору.
АКШнын бир катар штаттарында жазанын бул эң катаал түрү күчүндө кала берүүдө. АКШдан башка бардык Батыш өлкөлөрү бул жазадан баш тартышкан.