Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Иран менен Түркия Иракта согушка жол бербөө аракетин күчөтүү жөнүндө макулдашты


Түркиянын өкмөт башчысы Абдулла Гүл бүгүн Тегеранда Ирандын вице-президенти Мохаммад Реза Ареф менен сүйлөшүү жүргүздү. Гүл Ирактагы согуштан Перс булуңундагы жана Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер жапа чегип калаарын билдирди. Мохаммад Реза Ареф Америка Кошмо Штаттарынын Иракка каршы бир тараптуу аракеттерине Иран каршы болоорун эскертти.
Түркиянын бир катар шаарларында кечээ АКШнын Иракка каршы согуш ачуу планына каршы демонстрациялар болгон эле. Истамбулда 150 чакты активистти АКШнын консулдугуна кетчү жолдо полиция кууп таркатты. Измирде активисттер согушка каршы петицияга 30 миңдей кишинин колун чогултушту.
Түркиянын өкмөтү согуштун алдын алууну каалаганы менен, учурда аба майдандарын жана деңиз портторун АКШнын армиясына пайдаланууга берүүнү караштырып жатат.

XS
SM
MD
LG