Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Израил менен Палестинанын ортосундагы кан төгүү уланууда


Израил менен Палестина аймагында болгон акыркы кагылышууларда кеминде сегиз палестиналык жана эки израилдик набыт болушту.
Жекшемби күнү Израилдик тикучак жаңылыш аткан ракетадан палестиналык эки улан курман болду. Кабарчылардын билдиргенине караганда, ракета радикалдуу «Хамас» уюмунун мүчөлөрүн мелжеп атылган экен.
Израил тарап окуяга байланыштуу эч кандай билдирүү жасай элек.
Ал эми Израилдин Мисир жак чек арасында болгон аткылашууда эки палестиналык жана бир израилдик окко учкан.
Израилдин түндүгүндө бир куралчан палестиналык жөөт маалесине тымызын өтүп келип, бир адамды өлтүргөн соң, анын өзү да атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG