Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Жеймс Келли, АКШ Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча Пхеньян менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. “Биз, албетте, Түндүк Кореянын эл аралык коомчулукка берген жообу боюнча, анын ичинде, ядролук куралдарды чектөө маселесин сүйлөшүүгө даярбыз жана биз бу жерде анын жакшы жолун өкмөт адамдары менен сүйлөшмөкчүбүз”,- деп жарыя кылды ал бүгүн Сэулда Кореянын жетекчилери менен жолугушкандан кийин.
Келлинин кабарчыларга билдиргенине караганда, опурталдуу маселе оң чечилсе, Кошмо Штаттар Түндүк Кореянын электр кубатына болгон муктаждыгын жеңилдетүү проблемасын талкуулоого каршы болбойт.
Түндүк Корея бир нече күн мурда Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимден чыгып, ракеталарды сыноону кайра улантышы мүмкүн экенин эскерткен.