Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:32

Тажикстандын Исфара шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы бажы жана чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүүлөр башталды


БИШКЕК. Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов башында турган кыргыз делегациясы бүгүн Тажикстандын Исфара шаарында тажик тарап менен чек жана бажы маселелери боюнча сүйлөшүүлөрүн баштады. Бул тууралуу Баткен областтык администрациясынын аппарат башчысы Абдувасит Мусаев билдирди. Анын айтымында, тажик тараптын делегациясын бул мамлекеттин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Амиркул Азимов жетектөөдө. Ал эми сүйлөшүү жүргүзүүчү кыргыз тобунун курамында ички иштер министри Бакирдин Субанбеков,Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев, Бажы кызматынын башчысы Замирбек Малабеков, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын жана Тышкы иштер министринин орун басарлары, Баткен областынын губернаторунун биринчи орун басары, ошондой эле депутат Баяман Эркинбаев бар. 3-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында коюлган бажы жана чек ара бекеттеринин айынан эки мамлекеттин жарандарынын ортосунда чыр-чатак орун алган.

Кабарлар топтомун Бишкектен Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу даярдашты

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG