БИШКЕК. «Ата Мекен» социалисттик партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринин митинг, демонстрация жана жүрүштөргө мораторий киргизүү тууралуу сунуштарын айыптады. Кыргызстандын элине кайрылуусунда партия жетекчилиги шаардык кеңештердин бул чечими өлкөнүн Конституциясына жана президенттин «Кыргызстан - адам укуктарынын өлкөсү» аттуу ураанына каршы келээрин белгилеген. Мындай кайрылууну «Ата Мекен» партиясы Ош шаарында ишемби күнү өткөрүлгөн регионалдык конференциясында кабыл алган. Бул тууралуу бүгүн «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев маалымдады. Регионалдык жыйында ошондой эле Ош шаарына өзгөчө макам берүү, Үчүнчү Элдик Курултайды Кыргызстандын түштүк борборунда өткөрүү тууралуу демилге да жактырылды.
«Ата Мекен» социалисттик партиясы Бишкек жана Ош шаар кеңештеринин митингдерге, демонстрацияларга жана жүрүштөргө мораторий киргизүү сунушун айыптады