Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Бишкекте «телефон террористтери» кармалды


БИШКЕК. Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаардык бөлүмү 8-январда «Архив иштери боюнча мамлекеттик башкармалыктын имаратына бомба коюлган» деп, телефон аркылуу жалган чуу салган адамдарды кармады. Бул туурасында бүгүн Улуттук коопсуздук кызматы кабарлады. Алынган маалыматка караганда, чуу салгандар Бишкектин 1990-жылы туулган тургуну Каныбек уулу Бакытбек жана 1988-жылы туулган Байымбет Түлөкабылов болуп чыкты. Алар Бишкектин Панфилов көчөсүндө жайгашкан дүкөндө олтуруп алышып, Байымбет Түлөкабыловдун энеси иштеген архивге телефон чалышып, тамашалоо үчүн «бомба коюлган» деп айтышкан. Бул окуя боюнча ачылган иш Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнө берилди. Өспүрүмдөрдүн күнөөсү бар же жоктугун эми сот аныктайт.

XS
SM
MD
LG