Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Кыргызстандын Акыйкатчысынын «Вечерний Бишкек» гезитине каршы арызы сотто каралат


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун «Вечерний Бишкек» гезитине жана анын журналисттерине каршы доо арызын Бишкектин Свердлов райондук соту 15-январда карайт. Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” маалымдашынча, «Вечерний Бишкек» гезитинин өкүлдөрү жарашууну каалап, ортого таасирдүү адамдарды салып жатышат, бирок ал ага эч качан макул болбойт. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, буга гезит 2002-жылы 6-декабрда жарыяланган «Демократия зарыгып күтүп жатып жеткени... жаңы прокурор болду” («Демократия дождалась. Нового прокурора…») деген макалада, ошондой эле 13-декабрда жарыяланган «Ал-Каида Кыргызстанда» деген макалада аны «Хизбут-Тахрир» диний уюму менен байланыштырып, инсан катары жеке өзүнө гана эмес, Акыйкатчынын институтуна шек келтиргендиги негиз берди. Ушундан улам Турсунбай Бакир уулу гезит редакциясынын өзүнө 10 миллион сом, макалалардын автору Данияр Каримовдун 5 миллион сом жана башкы редактор Ольга Безбородованын 5 миллион сом айыппул тартуусун талап кылууда.

XS
SM
MD
LG