Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Кыргызстандын Акыйкатчысы өзүнүн орун басарлыгына 24 талапкерди сунуш кылды


БИШКЕК. Кыргызстандын алгачкы Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу өзүнүн үч орун басарлыгына 24 талапкерди сунуш кылды. Бул тууралуу ал 13-январда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, орун басарлыкка талапкер катары бардыгы болуп 37 адам көрсөтүлгөн.Турсунбай Бакир уулу алардын арасынан 13үн жараксыз деп таап, сыноого татыктуу дегендердин тизмесин орун басарларды тандай турган Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевге берди. Палата аларды 16-январдагы отурумунда карашы мүмкүн. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, сыноодон өткөн үч орун басардын бири атуулдук, административдик жана эмгек укугу боюнча төрт инспекцияны, экинчиси - социалдык жана саясий укук боюнча 4 инспекцияны, үчүнчүсү - аскер кызматчыларына тиешелүү жана кылмыш-процессуалдык укуктар боюнча инспекцияны башкармакчы. Жалпысынан Акыйкатчынын 26 инспектору болот жана алардын 17си ар кыл облустарда иштейт.

XS
SM
MD
LG