Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жөнүндө чечим кабыл алды


БИШКЕК. Бишкектин Биринчи Май райондук соту оппозициялык маанайдагы «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жана аны «Учкун» басмаканасынан басууга тыйуу салуу тууралуу 10-январда өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу 13-январда «Кыргыз ордо» гезитинин башкы редакторунун орун басары Марип Тайчабаров билдирди. Анын айтымында, сот бажы кызматкери А. Дүйшалиевдин доо арызына ылайык ушундай өкүм чыгарган. Гезитте өткөн жылы Дүйшалиевге байланыштуу макала жарыяланып, анда ал дипломун плагиаттык жол менен жазган деп айтылган. Муну өз ар-намысына доо келтирчү маалымат катары баалаган Дүйшалиев сотко кайрылып, өз пайдасына гезит редакциясынан 350 миң сом өндүрүп берүүнү суранган эле. Бирок сот Жыргал Мурзалиева гезитти жабуу тууралуу өкүм чыгарган. 10-январдагы соттун өкүмүнөн кийин 13-январда сот аткаруучулар келип, «Кыргыз ордонун» мүлкүн тизмеге алып, редакциянын эшигине мөөр басып жабууга аракет кылган. Бирок аппеляциялык арыз берүү мүмкүнчүлүктөрү бар экенин эскерткен журналисттер ага жол беришкен эмес.

XS
SM
MD
LG