Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда эки маселе такталат


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин «НБТ» телеканалы аркылуу бүгүнкү чыгып сүйлөөсүнө караганда, 2-февралда өткөрүлө турган референдумга эки маселе коюлат. Анын биринчиси «Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүү жана кошумчаларга макулсузбу же жокпу?» деген суроодон турса, экинчиси - «Президент Аскар Акаевдин 2005-жылга чейин президенттик ыйгарым укуктарынын сакталышына макулсузбу, же жокпу?» деген суроодон турат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Өмүрбек Текебаев жана Ишенбай Кадырбеков бул сунуш референдумдан кийин парламентти таратуу дегенди туюнтат деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG