Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Президент Шеварднадзе “Орусия Абхазияны кошуп алууга камданып жаткан сыяктанат”, деп билдирди


Президент Эдуард Шеварднадзе Грузиядан өзүн күнкорсуз жарыялаган Абхазияда орусиялык тынчтык күчтөрүнүн болушуна каршы экенин билдирди.
Э. Шеварднадзенин улуттук радиодон ар дүйшөмбү сайын болчу кайрылуусунда айтылгандай, ал КМШ өлкөлөрүнүн тынчтык күчтөрүнүн Абхазиядагы мандатын узартууга даяр эмес. Анын бир себеби, Сочи менен Абхазиянын борбору Сухуминин ортосундагы темир жол катнашын Орусиянын Грузин өкмөтү менен масилеттешпей ачканына байланыштуу. Ырасмий Тбилиси Абхазиянын жарандарына орусиялык паспортторду берүүгө каршы. Абхазиянын 150 миң калкынын 80 миңге жакынында орусиянын паспорту бар деген маалымат бар. “Буга караганда, Орусия Абхазияны кошуп алууга камданып жаткан сыяктанат”, деди президент Шеварднадзе.
Абхазия 1993-жылдан бери иш жүзүндө Грузияга баш ийбейт.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн билдиргенине караганда, Грузиянын тынчтык күчтөрүнүн мандатын узартпай коюшу абхаз чатагын жөндөөнү кыйындатат.

XS
SM
MD
LG