Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов Москвага кайрылып, Орусия менен Түркмөнстандын ортосундагы кош жарандык тууралуу келишимди убактылуу токтото турууну өтүндү.
С. Ниязовдун сөзүнө караганда, келишимди токтотууга, 25-ноябрда ага каршы ишке ашпай калган кутумга катышкан адамдардын көпчүлүгүндө эки өлкөнүн тең жарандыгы бар экени негиз болгон. “1994-жылы кош жарандык жөнүндөгү келишимге Ельцин экөөбүз кол койгонбуз. Азыр биздин бозгундар Орусияга качып кетип, Орусиянын букаралыгын кабыл алышкан жана биздин мыйзамдарыбыз алар үчүн толук күчкө ээ болбой калды. Ушундан улам, биз келишимди убактылуу токтотууну жана Орусияда жашаган жарандарыбызды Түркмөнстандын мыйзамдарына ылайык соттоону сунуш кылдык. Алар негизинен сунушка макул. Алардын ырасмий жообу жакында келет деп күтүүдөбүз. Ошондон кийин, бул маселе Элдик жыйынга талкууга салынат”,- деди Ниязов кечээ күнү Ашхабадда болгон жыйында.
Ниязовдун айтымында, чабуулга катышкан 32 адамдын соту ушул аптада болот. Алардын 16-сы чет элдиктер, анын ичинде бешөө - Орусиянын, алтоо - Түркиянын жарандары.