Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

«Кыргыз ордо» гезитинин кезектеги саны басылбай калды


“Учкун» басмаканасынын жетекчиси Каныбек Иманалиев Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык гезитти басып чыгаруу иши токтотулгандыгын редакцияга маалымдаган. Аталган сот инстанциясы Кыргызстандын бажы инпекциясынын төрага орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин доо арызын териштирип чыккан соң, 10-январда «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жөнүндө чечим чыгарган. Басылманын башкы редактору Бекен Назаралиев шейшембиде бышыктагандай,13-январда сот аткаруучулары редакциянын мүлкүн тизмелеп, каттап кетишкен. Соттун чечими 17-январда редакциянын адвокаттарына берилиши керек,андан соң редакция, Бекен Назаралиевдин айтымында, аппеляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылып, райондук соттун чечимине даттанмакчы. Оппозициялык маанайдагы «Кыргыз ордо» гезитинин акыркы саны 9-январда жарык көргөн эле.

XS
SM
MD
LG