Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара тоомунда бажы бекеттерин алып салууну чечишти


13-январда Тажикстандын Исфара шаарында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар атайын протоколго кол коюшту. Протоколдун талаптарына ылайык, кыргыз тарабынан Баткен областындагы Актерек, Көктерек жана Лаккан кыштактарындагы,ал эми тажик жагынан Жакаөрүк, Сурх айылдарындагы бажы бекеттери алынат. Тараптар ошондой эле жол тоскунга коюлган башка бекеттерди да мындан ары кыскартуу тууралуу макулдашышты. Протоколго Кыргыз өкмөтүнүн атайын өкүлү, вице вице-премьер Базарбай Мамбетов менен Тажикстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Амиркул Азимов кол коюшту. Бул тууралуу шейшембиде “Азаттык” радиосуна Баткен областтык админстрациясынын аппарат башчысы Абдывасит Мусаев маалымдады. Жыл башында аталган райондордогу чекара жана бажы бекеттеринде эки тараптагы жергиликтүү тургундардын чыр-чатактары чыккан эле.

XS
SM
MD
LG