Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:36

Конституциялык Соттун укуктары менен милдеттеринин өзгөртүлүшүнө эл аралык уюмдар камтамачылыгын билдире баштады


Алгачкылардан болуп буга,атап айтканда, Венеция комиссиясынын башкы катчысы Букикио мырза жана конституциялык сот институту өнүккөн мамлекеттер катуу кабатырлыгын билдиришкен. Бул тууралуу Конституциялык Кеңешменин 13-январда өткөн жыйынында Кыргызстандын Конституциялык Сотунун төрайымы Чолпон Баекова ырастады. Анын маалыматына караганда,эл аралык бир катар абройлуу уюмдар Кыргызстандагы Конституциялык Соттун орду жана милдеттери тууралуу атайын семинарларды өткөрүүнү жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуш кылып жатышат. Мындан тышкары Чолпон Баекова Негизиги мыйзамдын жаңы редакциясында Конституциялык Сотко катардагы жарандардын арыз менен кайрылуу укугу алынып салганына, мындай укук Кыргызстандын президентине, парламентине, өкмөтүнө жана Борбордук шайлоо комиссиясына гана берилгенине каршы экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG