Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

Элдик Конгресстин лидери алдыдагы референдумду кезектеги саясий көз будамайлоо деп баалады


Кыргызстан Элдик Конгрессинин абакта жаткан лидери Феликс Куловдун ишениминде, мындай иш-аракет менен президент Аскар Акаев өз бийлигин бекемдеп алууну, саясий оппоненттердин, эркин басылмалардын демин басууну, Аксы трагедиясын нейтралдаштырууну көздөп жатат. Феликс Кулов референдумдан кийин деле эч кандай экономикалык өсүш болбойт, коррупцияланган сот системасы, чиновниктердин азыркы корпусу сакталып калат деп эсептейт. Конституциялык реформага жана 2-февралга белгиленген референдумга байланыштуу Ф.Куловдун мындай ой-пикирин шейшемби күнү “Азаттыкка” «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиев кабарлады. Ушул эле күнү “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын демилгеси менен түзүлгөн коомдук комиссияда Конституциянын жаңы редакциясы талкууланды. Комиссиянын айрым мүчөлөрү Негизги мыйзамдын жаңы редакциясы менен кеңкесири таанышып чыгуунун зарылдыгын белгилешип,талкууну эмдиги аптада улантууну сунуш кылышканын коалициянын жетекчиси Эдил Байсалов билдирди.

XS
SM
MD
LG