Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Орусиялык аскерлер Чеченстанда автобусту аткылап, бир кишини өлтүрүп салышты


ГРОЗНЫЙ. Чеченстанда Орусиялык аскерлер Грозныйдан Гудермеске бараткан жүргүнчү ташыган автобусту аткылышты. Аткылоодон автобустун айдоочусу курман болуп, төрт жүргүнчү жарат алышты. Жарадар болгон бир кишинин абалы өтө оор экени айтылууда. Автобусту аткылаган солдаттар мас абалда болушканы аныкталды. Солдаттар кармалып, аларга каршы кылмыш иши козголду.
Чеченстандын Грозный районунда он кишинин сөөгү табылды. Жумурияттын прокурору Владимир Кравченко алардын баарын чечен козголоңчулары уурдап кетип, өлтүрүп салышканын айтат.

XS
SM
MD
LG