Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58

Никосияда 50 миңден ашык киши Кипрди бириктирүү планын колдоп, демонстрация өткөрүштү


НИКОСИЯ. Никосияда 50 миңден ашык кипрлик түрктөр БУУнун экиге жиктелген Кипр аралын бириктирүү планына колдоо көрсөтүп, демонстрация өткөрүштү. Акциянын катышуучулары Кипрдин түрк жана грек бөлүктөрүнүн биригиши өлкөнүн “Европа Биримдигине киришин жеңилдетет” деп билдиришти. Демонстранттар Кипрлик түрктөрдүн лидери Рауф Деңташтын тоң моюндугун сынга алышты. Кипрди бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн келерки айлампасы эртең башталууга тийиш. Гректер менен түрктөрдүн орток макулдашууга жетишүүсүнүн соңку мөөнөтү БУУ тарабынан 28-февралга белгиленген.

XS
SM
MD
LG