Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Өзбекстанда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Эки өлкөнүн чек арасын аныктоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын эксперттик тобунун сүйлөшүүлөрү бул күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында жүрүп жатат. Кыргызстандын эксперттик тобун өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов жетектөөдө. Эки мамлекеттин тогошкон чек ара тилкери 1,5 миң чакырымга жакындап барат, буга чейинки сүйлөшүүлөрдө анын 690 чакырымы аныкталган деген маалымат бар. Бирок акыркы кезде Өзбекстан чек ара боюнча макулдашууларды Кыргызстан кечеңдетип жатат деп айыптаган эле. Ал эми кыргыз тарабы мындай айыптоолорду негизсиз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG