Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:48

Референдумду өткөрүүгө карата даярдыктар башталды


«Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча 2-февралда боло турган референдумду уюшкандыкта өткөрүү үчүн өкмөт бардык аракеттерди көрөт», - деп билдирди 15-январда Өкмөт Үйүндө өткөн пресс-конференцияда премьер-министр Николай Танаев. Анын маалыматына караганда, өкмөт референдумду өткөрүү жөнүндө президенттин жардыгын ишке ашыруу боюнча токтом кабыл алып, республикалык штаб түздү. Жети топтон турган штабга бардык министрликтер менен мекемелердин өкүлдөрү киргизилип, азыр алар Конституциянын жаңы редакциясын элге түшүндүрүү ишин жүргүзө башташты. Республикалык штабды жетектеген Николай Танаев андан тышкары жергиликтүү бийлик жетекчилерине өз аймактарындагы шайлоо комиссияларына ар тараптан жардам көрсөтүүгө тапшырма берди.
Референдумга өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы да даярдык көрө баштады. Комиссиядан 15-январда алынган маалыматка караганда,референдумду өткөрүүгө 13,5 миллион сом сарпталат. Анын көбү добуш берүү ишин уюштуруу чараларына жумшалат. Конституциянын жаңы редакциясы 500 миң нускада атайын китепче түрүндө чыгарылат, 30 миң плакат даярдалат,калк арасында Негизги мыйзамдын жаңы редакциясы менен тааныштыруу,жалпы түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Алдыдагы эки жума ичинде өлкөдөгү 2 миллион 542 миң шайлоочу үчүн 2 миллион 600 миң бюллетен басылат.Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн тышкы иштер министрлигине,ошондой эле Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна референдумдун өтүшүнө көз салуу үчүн чет өлкөлүк байкоочуларды жиберүүнү өтүнүчү менен кайрылды. Бирок чет өлкөлүк канча байкоочу келери азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG