Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Кыргызстанда накталай акчасыз төлөө системасы киргизилет

Кыргыз өкмөтү жана Улуттук Банк 2003-2005-жылдар аралыгында өлкөдө накталай акчасыз төлөө системасын киргизүүнү жана аны ишке ашырууну камсыз кылуучу инфраструктура түзүүнүн улуттук программасы жөнүндө биргелешкен токтом кабыл алышты. Бул тууралуу 15-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Алынган маалыматка караганда, программаны үч баскычта ишке ашыруу белгиленди. 2005-жылы анын үчүнчү баскычы аяктамакчы жана бул системаны андан ары өнүктүрүү чаралары көрүлмөкчү. Эксперттердин айтымында, азыр банк эсептери аркылуу айына эки жарым -үч миллионго жуук накталай акчасыз төлөмдөр жүргүзүлөт жана бейнакта жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү кеминде 3-4 миллиард сомго жетиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG