Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар референдумга байланыштуу билдирүү кабыл алышты


15-январда кечке жуук кыргыз парламентинин имаратында «Арнамыс», «КДК», «Менин өлкөм», «Эркиндик», «Эркин Кыргызстан», «Эл», «Ата Мекен», «Ооган согушуна катышкандар», коммунисттер партияларынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары тегерек стол жыйынын өткөрүштү. Жыйында 2-февралда өткөрүлгөнү жаткан референдум жана Конституциянын жаңы редакциясы талкууланды. Жыйынга катышкан депутат Абсамат Масалиев «жаңы редакцияны кабыл алуу - конституциялык төңкөрүшкө барабар болорун» билдирди. Жыйынга катышкандар Негизги мыйзамдын жаңы редакциясына таптакыр макул эместигин билдиришти жана алдыдагы референдумду азыркы Конституцияга кайчы келет деп табышты. Кабыл алынган билдирүүдө референдум жөнүндөгү мыйзам кабыл алуу жана 2002-жылдын 26-августундагы жарлыкты толук аткаруу зарылдыгы белгиленип, эмдиги айга белгиленген референдумду кийинки мөөнөткө калтыруу талабы коюлду. Мындан тышкары жыйынга катышкандар «Конституцияга өзгөртүү киргизүү» деген түшүнүк менен анын «жаңы редакциясы» деген түшүнүктүн айырмасын чечмелеп берүүнү өтүнүп, Конституциялык Сотко кайрылууну чечишти.

XS
SM
MD
LG