БЕРЛИН. Германиянын ички иштер министри Отто Шили антисемиттик үгүт жүргүзгөн исламдык уюмга тыйуу салынганын билдирди. Өлкөнүн АРД телесинен сүйлөгөн сөзүндө Шили “Хизб- ут-Тахрир–ал Ислами”, же “Исламдык Боштондук Партиясы” деп аталган уюмдун кеңселеринде өткөн түнү тинтүү жүргүзүлгөнүн айтты. Партияга кайсы мыйзамдын негизинде тыюу салынганын Шили айткан жок, бирок 11-сентябрдагы террордук кол салуудан кийин Германияда террорчулукка каршы мыйзам кабыл алынганын белгиледи. Шили, аталган топ университеттерде антисемиттик ураандарды таратып жатканын, мындай аракеттер эл аралык өз ара түшүнүшүү идеяларына каршы келээрин билдирди. “Өлкөнүн конституциялык тартибине каршы аракеттенген уюмдарга Германияда орун жок",- деп билдирди министр.