МОСКВА. Орусиянын тышкы иштер министрлиги 1993-жылы Түркмөнстан менен Орусиянын ортосунда кол коюлган кош жарандык туралуу келишим али күчүндө экенин билдирди. Министрликтин өкүлү Александр Яковенко кечээ кечинде тараткан билдирүсүндө Түркмөнстан ал келишимден чыгып кете турганын расмий маалымдабаганын айтты. Өткөн жекшембиде телекөрсөтүү аркылуу сүйлөгөн сөзүндө Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязов ага кол салуу болгон соң, өлкө аталган келишимди бир тараптуу түрдө токтотконун жана ушундай эле кадам жасоону Орусиядан суранганын айткан. Орусия түркмөн президентинин бул билдирүүсүнө түшүндүрмө берүүнү талап кылууда. Сапармурад Ниязовго жасалган кол салууга тиешеси бар деп шек саналган кишилердин айрымдары эки өлкөнүн тең жарандары экени айтылат.
Орусия кош жарандык жөнүндө Түркмөнстан менен кол коюлган орток келишим күчүн жоготпогонун билдирүүдө