МОСКВА. Орусиянын атайын өкүлү, тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюков Корей жарым аралында түзүлгөн жагдайды жөнгө салуу маселесин талкуулаш үчүн эртең Пхеньянга жөнөйт. Бүгүн Москвада Түндүк Корея маселесин Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов МАГАТЭнин башчысы Эл-Барадей менен талкуулады. Тараптар Эл Аралык Атомдук Энергетика Агенттиги менен КЭДРдин өз ара кызматташуусун мүмкүн болушунча тезирээк жандантуу зарыл экенин, ан үчүн өлкөгө эл аралык эксперттердин тез арада кайтып келиши керек экенин билдиришти.