Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

Иракта иштеп жаткан курал-жарак инспекторлору президенттин аксарайын текшерип чыгышты


БАГДАД. Эл аралык курал-жарак инспектолору бүгүн президент Саддам Хуссейндин Багдаддагы "Республикалык аксарай" деп аталган кеңсесин текшерип чыгышты. Ушуну менен декабрда башталган текшерүүдө инспектолор бул президенттик имаратка экинчи жолу келип отурушат. Тинтүү МАГАТЭнин башчысы Эл-Барадей инспекторлор менен кызматташууну жакшыртууну Ирак жетекчилигинен талап кыла турганын айткандан кийин жүргүзүлдү. Ал арада Орусия тышкы иштер министринин орун басары Александр Салтановду Ирак жетекчилиги менен консультация жүргүзүш үчүн Багдадга жөнөтө турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG