Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

· Орусия Кыргызстандагы аскердик авиабазасын май айында ачууну пландаштырып жатат


МОСКВА. Орусиянын Кыргызстандагы аскердик авиабазасын май айында ачуу пландаштырылып жатат. “Интерфакс” маалымат агенттигинин генерал-полковник Владимир Михайловго шилтеме берип кабарлаганына караганда, аэропортто издөө жана куткаруу боюнча адистешкен аскердик бөлүктөр жайгашат. Генерал ошондой эле базада машыктыруучу учактардын бир түрү жана аскердик учактардын эки түрү жайгаштарыла турганын билдирди. Канттагы базага “СУ-27” үлгүсүндөгү учактар декабрда келе баштаган. Аскердик учактар Коллективдүү Коопсуздук Келишимине мүчө болгон өлкөлөрдүн Борбордук Азияда ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн түзүү пландарынын алкагында дислокацияланууда. Келишимге Орусия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Армения мүчө. Бирок авиабаза Орусиянын коопсуздук күчтөрүнүн Борбордук Азияда жайгаштырылган олуттуу аскерлеринин бири болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG