Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:46

· Москвада октябрь айындагы барымта окуясында жабыр чеккендердин доо арыздарын кароо башталды


МОСКВА. Москванын сотунда, октябрда театрда болгон барымта окуясынан жабыр тарткандардын доо арызы боюнча сот иши башталды. Ал окуяда жакындарынан айрылып калгандар, барымта туткундары болгондор, аларга келтирилген моралдык жана психикалык зыян үчүн өкмөттөн акчалай компенсация талап кылып жатышат. Бүгүнкү угууга карата доочулардын адвокаты Валерий Трунов шаардын Тверь райондук сотуна ишеним көрсөтпөгөнүн билдирди. Адвокат, “соттор Москванын шаардык өкмөтүнөн кошумча айлык акы алып жатышкандыктан, калыс чечим чыгара албайт” деп эсептейт. Чечен козголоңчулары уюштурган барымта окуясында 120дан ашык киши курман болгон, бирок алардын басымдуу бөлүгү орус бийликтеринин туткундарды бошотуу операциясынын учурунда курман болушкан.

XS
SM
MD
LG