СТРАСБУРГ. Европанын адам укуктары боюнча Страсбургдагы соту орус аскерлеринин мыйзамсыз аракеттерине нааразы болгон чечен жарандарынын арызын кароого макул болду. Соттун өкүлү Клерк Родерик Лиддель сот 6 арызды кароого макул болгонун, дагы 100дөн ашык арызды иликтеп жатканын билдирди. Арыздарда орус аскерлерлеринин чечендерди сотсуз жазалаганы жана кыйнаганы жөнүндө фактылар келтирилген.
· Адам укуктары боюнча Европа соту чечен жарандарынын орус аскерлеринин үстүнөн доо арыздарын кароого макул болду