СЕУЛ. Өткөн жылы Түштүк Корея Түндүк Кореядан качып чыгып, башпаанек сураган 1150гө жакын кишини кабыл алды. Бул мурдагы жылкыга караганда эки эсеге көп. Түштүк Кореянын Эки Корей өлкөсүн бириктирүү министрлигинин айтымында, качкындардын басымдуу бөлүгү адегенде Кытайга качып, ал жерден Түштүк Кореяга келишкен. Түштүк Корея өкмөтүнүн маалымдаганына караганда, ачарчылык менен жокчулуктан жабыр тарткан түндүк корей качкындарынын саны жылдан-жылга көбөйүүдө.