Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

· МАГАТЭнин башчысы эл аралык коомчулукту опузалап жатат деп Түндүк Кореяны айыптады


МОСКВА. МАГАТЭнин башчысы Эл-Барадей “Түндүк Корея ядролук курал менен коркутуп-үркүтүү аркылуу өзүнүн коопсуздук жана энергетика проблемаларын чечип алууга аракеттенип жатат” деп айыптады. Бул билдирүүсүн Эл-Барадей бүгүн Москвада Орусиянын жетекчилиги менен сүйлөшүү учурунда жасады. Түндүк Корея өткөн айда 1994-жылдан бери токтотулуп коюлган ядролук программасын кайра жаңданта турганын билдирип, БУУнун эксперттерин өлкөдөн чыгарып жиберген. Ага удаа ал Ядролук куралдарды таркатпоо келишиминен чыгып кетип, ядролук ракеталарды сыноону жанданта турганын жарыялаган. Эл-Барадей Түндүк Корея маселесин чечүү өтө татаал боло турганын белгилеп, ошого карабастан жаңжалдын жөнгө салынышына үмүт бар экенин билдирди. Ирак менен мамилеси жакшы Орусия өлкөгө ишемби күнү атайын өкүлүн жиберүүдө.

XS
SM
MD
LG