Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

«Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Кыргызстанда сот жообуна тартылгандыгына байланыштуу дүйнөлүк уюм тынчсыздануу билдирди.


Кыйноо ыкмаларына каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандын президенти Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Танаевге ачык кат менен кайрылып, исламчыл «Хизбут-Тахрир» уюмунун өкүлүнүн соттолушуна байланыштуу тынчсыздануу билдирди. Эл аралык уюм учурда түрмөдө жаткан хизбут-тахрирчинин ишин кайра тергөө маселесин коюп, жогорку бийлик өкүлдөрүнөн бул ишке кийлигишүүнү суранган. Үстүбүздөгү жылдын 2-январында Жалалабад областынын Базаркоргон райондук соту «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Токторбай Тохтакуловду үйүндө курал жарактарды мыйзамсыз сактаган деген айып менен эки жарым жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG