Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Өкмөт башчысына каршы ачылган сот иши уланууда


Жума күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун өкмөт башчысы Николай Танаевге каршы берген арызын кароону улантты. Бул күнкү сот жараянында күбө катары чакырылган төрт адам көрсөтмө беришти. Күбөлөрдүн баары тең журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында Николай Танаев Турсунбек Акунду күнөөлөгөнүн тастыкташты. Буга жооп кылып премьер-министрдин актоочусу Николай Жучков 1994-жыл укук коргоочуга каршы ачылып, далилденбей жабылган кылмыш иши боюнча күбөлөрдү сотко чакыра тургандыгын билдирди. Өкмөт башчысы өткөн жылдын 9-сентябрындагы маалымат жыйынында укук коргоочуну сынга алып, «Турсунбек Акун жүргөн жерде ызы-чуу, кан төгүлүү болот» деп айткан эле. Буга байланыштуу Турсунбек Акун өкмөт башчысын сотко берген.

XS
SM
MD
LG