17-январда борбор калаада айыл өкмөт башчылары семинарга чогулушту,ал кыргыз өкмөтүнүн демилгеси менен өткөрүлдү.Семинарга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев, Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыккан эксперттик топтун башчысы, президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев жана башка жооптуу кызматкерлер катышты. Өкмөт Үйүндөгү атын атоону каалабаган кызматкердин маалыматы боюнча, семинарда 2-февралда өтө турган референдумга байланыштуу маселелер талкууланды. Ал эми өкмөттүн маалымат кызматы аталган жыйын жөнүндө маалымат тараткан жок.