Палатанын адам укуктары боюнча комитети 17-январда Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басарларын шайлоо маселесин талкуулап, депутаттардын кароосуна 26 талапкерди сунуш кылды. Айрым талапкерлер өз кандидатураларын алып салышты. Ал эми палатанын адам укуктары боюнча комитетинин төрайымы Оксана Малеваная талапкер катары жаңыдан катталды. Мындан тышкары Акыйкатчыга орун басар болууну каалагандардын катарында депутат Турдубек Чекиев, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Өмүрбек Суваналиев бар.Кыргызстан Акыйкатчысынын үч орун басары болушу керек, алар балдардын, улуттук азчылыктардын укуктары, аялдардын маселелери боюнча иш алып барышат. Кыргызстандын Акыйкатчысы болуп былтыр 21-ноябрда алты талапкердин ичинен Турсунбай Бакир уулу шайланган.
Мыйзам чыгаруу жыйынында Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басарларына талапкерлер тандалды