Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Конституциялык реформа боюнча парламенттин туруктуу палатасында талкуулар улантылды.


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 17-январда Конституциянын референдумга коюлуп жаткан жаңы долбоорун талкуулоону улантты. Бул күнү жарыш сөзгө чыккан бир катар депутаттар Конституциянын жаңы редакциясын референдумга салбай, адегенде анын тексттин жана мазмунун кайра карап чыгуу зарылдыгын айтышты. Депутат Азимбек Бекназаров бардык фракциялар биригип,президентке кайрылууну,эгер буга жетишүү мүмкүн болбосо,анда элди референдумга бойкот жарыялоого үгүттөп,мунун зарылдыгын калкка түшүндүрүүнү сунуш кылды. Депутат Турдакун Усубалиев мындай пикирлерге кошулган жок. Конституциялык Кеңешме тек гана кеңеш берүүчү орган экенин, анын чечимдери эч кандай мыйзамдүү күчкө ээ болбой тургандыгын эскертти. Депутаттын пикири боюнча, Конституциянын жаңы редакциясы бардык жагынан мыйзам чегинде иштелип чыккан, ошондуктан референдумдун мөөнөтүн которгонго эч кандай негиз жок. Азырынча палата бир чечимге келе элек.

XS
SM
MD
LG