Орусиянын коопсуздук кызматкерлери дагы 16-январь күнү кечинде Маскөөнүн Звенигородское көчөсүндө жардыруучу заты бар эки машине таап, аларды зыянсыздаштырды. Федералдык коопсуздук кызматынын басма сөз катчысынын айтымында, бардыгы болуп 30 килограммга жакын жардыруучу зат табылган, алардын кубаты 20 килограмм толуолго барабар болчу.