НАТО уюмунун Европадагы аскерлеринин жаңы башчысы болуп 17-январда америкалык генерал Джеймс Джонс дайындалды. 2000-жылдын май айынан бери бул кызматта башка америкалык генерал Джозеф Ральстон иштеген. Үстүбүздөгү жылы НАТО өзүнүн Европа менен Америкадагы аскерлеринин башкаруучу уюмдарын бириктирүүнү пландаштырууда жана генерал Джонс НАТО аскерлеринин жалпы башчысы болору күтүлүүдө.